Пансексуалдуу адамдар ким экенин жана эмне себептер аларга тиешелүү стереотиптер менен кабыл албоо жана жокко чыгаруу көп болгонун түшүнүүгө аракеттенип көрөлү. Google издөө кызматына кайрылып, “пансексуалдуулук” сөзүн терсеңиз, сиз бул 21 кылымда чыккан кыймылдаган заттын баарын сүйүүгө жана каалоого даяр жаныбарлар деген, алар чынында бисексуалдуу деген, же бул термин “баарынан коркууну” билдирет деген сексуалдык ориентацияга тиешеси такыр жок маалыматка толгон көптөгөн макалаларды кезиктиресиз. Бирок пансексуалдуулук - бул пансексуал деп өзүн аныктаган адамдар башка адамдарга карата романтикалык, сексуалдык кызыгуу алардын гендердик иденттүлүгүнө байланышсыз болгон сексуалдык ориентациянын бир түрү деген анча-мынча макалалардын үзүндүлөрүн таба аласыз. “Мага ким жагат?” суроосуна жооп издөөдө партнерунун гендерине карабаган “гендердик сокур” адамдар деген аныктаманы да кезиктирүүңүз мүмкүн.
Бул бөлүмдү жыйынтыктасак, пансексуалдуу адамдар - бул жөн гана сүйүү сезимин сезген адамдар, бирок ал сүйүү кимге арналып, мамиле ким менен курулаары белгисиз болот. “Бул өзү ким жана бул менен жүрсөм болобу?” деген суроого жооп табуу үчүн пансексуалдуу адамдарды бир кутучага же бир формага салып коюу оор болгондуктан, стереотиптер жаралып, жашоону татаалдаштырган стигма ортого келип чыгат.
Пансексуалдуу адамдар аларды жокко чыгарууну кезиктирип, зордукка, шылдыңдоого, түшүнбөстүккө жана панфобияга чалдыгышат.
Төмөндө эң көп кезиккен стереотиптер жана панфобиялык сөздөр келтирилген, окусаңыздар болот:
“Сексуалдык ориентациялардын көп түрдүүлүгү тууралуу маалыматы жок адамдар көп учурда мени бисексуалдарга теңешкен. Демек, мени көлөкө же “күзгүдөгү чагылдырмага” (“ошондой эле, бирок башкача” сымал) айлантышат. Же пансексуалдуулук - бул бисексуалдуулук, бирок татаалыраак же кеңейтилген түшүнүк."
“Мен пансексуалдуу адамдар ким болгондугу тууралуу суроолордон чарчап калган пансексуалдуу адамдарды көп кезиктиргем, андай учурларда алар өздөрүн бисексуал деп таанытышат, анткени, бисексуалдуулук түшүнүгү адамдарга тааныш”.
“Адамдар сени “баары менен бир учурда жүрүүгө даяр” деп ойлошот, көпчүлүк адамдар пансексуалдарды жокко чыгарышат.
Пансексуалдуулукту түшүнбөстүк маселеси гендердик ар түрдүүлүктү түшүнбөгөндөн келип чыгат. Адамдар баарын ак менен кара бөлүүгө көнүшкөн, ошондуктак бинардык система күчтөнүп калган. Бирок бул системага туура келе албаган адамдар бар - бинардуу эмес, интерсекс, кээ бир транс*адамдар. Алар партнер издөөдөн да кыйналышат, себеби, бинардуулук норма болуп саналат. Албетте, "пансексуалдуулук" термини керексиз деген адамдар болушу мүмкүн, бирок анда мындай адамдар алардын дене өзгөчөлүгүн дайыма кабыл ала бербеген ЛГБ арасында кантип партнер издей алышат?”
“Мен көп каминг-аут жасабайм, болгону гана мени бир кутучага салууга чоң маани берген адамдар менен. Мен эркек менен жолукканым үчүн мага көбүнесе ишенишпейт, адамдар мени гетеросексуалдуу болуума ишендирүүгө аракет кылышат. Сырткы кебетем боюнча да мени гетеро айым катары кабыл алышат. Жадакалса ЛГБТ адамдардын суроолору талкууланып жаткан эл аралык аянттарда мени гетеро деп санап, кабыл албаган учурлар да болгон”.
“Каминг-ауттан соң биринчи убакыт оор өткөн. Көп адамдар муну тамаша катары кабыл алышкан, себеби “пансексуал” термини көп тараган эмес, кээ бир адамдардан мен: “Билесиңби, эркектер үчүн “тиги” тараптан кызды тартып алуу - бул чоң жетишкендик”, “Демек сен жаңыланган би турбайсыңбы” же жадакалса “Бой көтөрүп, өзүңдү бисексуал деп атоодон качтыңбы?” - деген сөздөрдү угуп жүрдүм."
“Тилекке каршы, пансексуалдуулук тууралуу көбүндө маалымат жок, ал эми билгендердин арасында да ушундай ишеничтер тараган: "Бул бисексуалдуулукка окшош, бирок трансгендерлерди да сүйө берет". Мен каминг-аут жасасам, адамдар мени би деп аташат. Мен пансексуал болгонумду айтканым мен үчүн маанилүү, себеби, мен партнерумдан бинардуу өзгөчөлүктөрдү же башка нерселерди талап кылбаймын, мен бул суроодо көз карандысызмын, мен үчүн адам өзү, анын ички дүйнөсү гана маанилүү”.
“Менин сөзүмдү уккан соң кээ бирлери орой сөз сүйлөшөт, мисалы: “Мен сени лесби деп ойлоптурмун”, “Окшош эмессиң, сен натуралсың!”, “А бул кандай? Жаныбарларды да каалай бересиңби? Жансыз нерселерди дагыбы?!”, “Демек, сен ар ким менен жата бересиңби?”, - сыяктуу. Мисалы, менин жакын досум мен өзүмдү эми пан деп аныктаганымды билген соң, абдан жинденген. “Сен биздин сонун бисексуалдуу тобубузду таштап, ыплас пандарга кошулуп алдың”, - деп. Эми ал мени шылдыңдоону туура көрөт: “Бул жакта сенин желегиң жок, себеби силер боксуңар. Силер эч ким эмессиңер”.
“Ар бир жолу каминг-аут жасаган сайын: “Адамдардын уу сөздөрүн кайрадан угуп, көңүлүм калбаса экен”, - деп аркамдан манжаларымды кайчылаштырып турам. Мага: “А кофе кайнаткыч менен да мамиле курат белең?”, “Суроо берсем болобу, а зоофилия дагы пансексуалдуулукка киреби?”, - деген сөздөрдү да айтышат. Сыртыман мен абдан феминдүү болгондугуман, менин мамиле куруу тажрыйбам гетеро катары көрүнгөндүктөн, мага: “Сен жөн эле кошулуш үчүн өзүңдү пансексуал деп жарыялап алдың”, “Сен гетеросуң!”, - деген сөздөр да айтылат. Азыр болсо, бирөө менен мамиледе болбогондугума байланыштуу: “Сен чыныгы пансексуал эмессиң, далилде!”, - деген сөздү кезиктирем."
Пансексуалдуу адамдар ар кандай болуулары ыктымал - феминдүү, маскулиндүү, транс* адамдар, гендердик конформдуу эмес, ар кандай гендердик иденттүүлүктөргө ээ болуп, ар кандай иденттүүлүктөгү жана ар кандай ориентациядагы адамдар менен мамиледе боло алышат, же болбосо такыр мамилесиз, асексуалдуу, полиамордуу, полиромантикалуу боло алышат. Бирок биз пансексуалдуу болгонубуз тууралуу айтсак, адамдар бизди би деп, жокко чыгарууга укуктары жок. Бисексуалдуу адамдарга алар бисексуалдуу болгондору тууралуу айтуу ыңгайлуу жана маанилүү. Гейлер менен лесбиянкаларга алар гей, лесбиянка болгондору тууралуу айтуу маанилүү жана ыңгайлуу. Трансгендердүү адамдарга өздөрүнүн иденттүүлүгү тууралуу айтуу маанилүү. Эмне себептен? Жооп оңой, өзүбүз жөнүндө айтуу менен, ар бирибиз көрүнүктүү болобуз, өз маселелерибиз жөнүндө кеп кыла алабыз, себеби, көлөкөдө көрүнбөй турсак, биздин запкы токтобойт. Бул себептен пансексуалдуу адамдар өздөрүнүн пансексуалдуулугу тууралуу айтыш керек, себеби, биздин сексуалдуулугубузду биздин партнерлорубуз эмес, өзүбүз аныктайбыз.
Бул күндө мен адамдарга айткым келген нерсе:
“Мен үчүн пансексуалдуу болгондугум тууралуу айтуу маанилүү, анткени бул менмин, менин бир бөлүгүм, менин жеке окуям. Гейлер, лесбиянкалар жана транс* адамдар жөнүндө көп угам, бисексуалдар жөнүндө азыраак, ал эми пансексуалдар тууралуу сөз жокко эсе. Бул себептен мен өзүмдүн пан болгонумду айтам, биздин үнүбүз жетип, көрүнөлү деп. Биз, пан адамдар, бар экендигибиз билинсин деп”.
“Мен пансексуалдуу адамдарды күчтүү болуп, пансексуалдуулук тууралуу маалымат берүүлөрүнө үгүттөйм”.
“Адамдар бисексуалдуулук менен пансексуалдуулуктун арасында чоң айырма бар экендигин билүүсүн каалайт элем”.
“Пансексуалдуулук менин кебетем же мен азыр ким менен жатканадыгым тууралуу эмес, бул мен бул дүйнөдө кантип жашаганым тууралуу”.
“Мен кадимкидей эле адаммын. Болгону, бирөө арык айымдарды жактырса, мага маанилүү эмес. Такыр айырмасы жок. Менимче, “Эң маанилүүсү ички дүйнө” деген сөз бизди так аныктайт. Мен муну түшүнгөнүмө кубанычтамым."
Кыскасы, эң маанилүү нерсе, адамдар өздөрү жөнүндө эмне деп айтып жаткандарын угуп, аларды пикирин алмаштырууга аракеттенбешибиз керек.