Жаңылыктар

Кыргыз Республикасында ЛГБТ абалы тууралуу дайджест, Апрель-Июнь, 2022

Кыргыз Республикасында ЛГБТ абалы тууралуу дайджест

Апрель, Май, Июнь, 2022


2022 жылдын экинчи кварталында төмөнкүлөр катталып, анализденген:         
  1. ММК мониторинги - 110 макала (48 маалыматтык, 70 гомофобиялык мазмунда)
  2. Соцтармактар мониторинги - чоң аудиториясы бар жалпы группаларда 143 пост (58 гомофобиялык эмес, 85 гомофобиялык мазмунда)
  3. Каттоо (документтештирүү): 13

«Кызгылт чокулар» — Кыргызстандык активист Дастан Касмамытовдун долбоору. Ал активисттердин тобу менен дискриминация жана ЛГБТ коомчулугуна болгон жек көрүү менен күрөшүү максатында дүйнөнүн тоо чокуларына чыгат. Азыркы учурда бул топ төрт бийиктикти багындырды, жалпысынан жети чокуну багындырууну пландап жатышат. Бул жаңылык Клооптун Инстаграм баракчасында жарыяланган. Комментарийлердин көпчүлүгү позитивдүү болгон, бирок гомофоб адамдар да арасында бар.

Илон Масктын болжолу менен Нетфликстин акциялары 25% бул вирустар үчүн төмөндөдү: ЛГБТ, расалык жана гендердик адилеттикти сактоо ж.б., натыйжада сервистин тасмалары "көрүүгө жараксыз" болуп калды. Бул жөнүндө Спутник Кыргызстан жазган.

Орусиянын Маданият министрлиги режиссер Пол Рошендин лесбиянка монах аялдар жөнүндө болгон "Азгыруу" тасмасына тыюу салды. Орусия Федерациясынын Маданият министри Ольга Любимованын сөзүнө таянып бул тууралуу Азыркы заман билдирди. Министрлик тасманы прокатка чыгаруу боюнча уруксатты жокко чыгарып, ал уруксатты берген кинематография департаментинин кызматкерин жумуштан чыгарды. Кинематография жана санариптик өнүгүү департаментинин директоруна катуу сөгүш берилди. Бул структуранын ишин текшерүүнүн натыйжасында бир катар эрежелерди бузуулар табылганы белгиленди.

Жылдын аягына чейин Disney каармандарынын арасына ЛГБТ же азчылыктардын адамдарын кошууну пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу өзүн бир трансгендердүү, бир пансексуалдуу балдардын энеси деп билдирген компаниянын аткаруучу директору Кэри Берк маалымдады. Daily Mail жаңылык порталына таянып, Жаңылыктар булагы бул маалыматты берүүдө.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өзүнүн үйүнүн территориясында кыздар үчүн мектеп ачты. "Бул имаратты мен, балам жана сиңдим үчөөбүз курдук. Анан имарат окуучулардын колуна өттү. Бул жерде 400 кыз окуйт. 11 класс бар, бирок андан сырткары, буларга ыйман сабагы берилет. Биздин мектеп намаз окуганды үйрөтүп, кыздарды туура багытта тарбиялайт", - деп айтып берди. Бул жаңылык Кактус Медиа барагына жарыяланган.

Кыргызстанда атактуу стилист @bainur_beauty операция жасаткан соң, ага байланыштуу чоң ызы-чуу болду, көп адамдар ал жынысын алмаштырып жатат деп ойлошкон. Бир аз убакыттан кийин ал интервьюсунда операция жыныс алмаштыруу боюнча эмес, денени коррекция жасаган операция болгонун айтып берди. Кактус медиада бул макаланы окуп же интервьюну көрүү мүмкүн.

27.04.2022 Билим берүү тууралуу жаңы мыйзамдын долбоору ачык талкууга коюлган. Аны окуп, ЛГБТ коомчулугуна тиешелүү мүмкүнчүлүктөр менен опузаларды байкоо мүмкүн:

1) Көп учурда "адеп-ахлактык тарбиялоо" аталат, бирок анын так аныктамасы жок;

2) 36 берененин 2 пунктунун 3 бөлүгү боюнча: билим алып жаткандар мамлекет тарабынан сакталган укуктарга ээ болот: ден соолукка, моралдык жана руханий өнүгүүгө зыян келтирген маалыматтан, пропагандадан жана агитациядан корголуу;

3) Ошол эле учурда 5 берененин 2 пунктунун 9 бөлүгү боюнча "билим берүү системасынын маалыматтык камсыздалуусу, билим берүүчү адабияттын, жардам берүүчү булактардын, окуу-методикалык комплекстердин, алардын антидискриминациялык, гендердик, илимий-педагогикалык, практикалык-педагогикалык (апробациясы) экспертизасы";

Жакынкы арада айрым топторго таандымал болгон, ЛГБТ адамдарынын укуктарын коргоо багытында иштеген "Стимул" ЛГБТ тайпасы Орусияда өзүнүн ишин токтоткондугу тууралуу маалымат берди. Гей-активисттер белгилегендей, азыркы учурда уюм жумушун улантууга баардык мүмкүнчүлүгүн жоготту, себеби, коллективге күтүүсүз болгон тайпанын жетекчисинин чет өлкөгө көчүп кетиши чоң финансылык маселелерге алып келди. Көбүрөөк маалыматты news312 порталында окусаңыздар болот.

"Пари Сен-Жермен" клубунун сенегалдык жарым коргоочусу Идрисса Гейе ЛГБТ адамдарын колдой турган асан-үсөн түстөрүнө боелгон номурлары басылган футболканы кийип оюнга катышуудан баш тартты. Бул жаңылыкты Sputnik Жакынкы чет жердикке таянып Спутник Кыргызстан жарыялады.

Джен Псаки Ак үйдүн пресс-катчысынын постун бошотууда. Анын ордун биринчи кара аял жана ЛГБТ өкүлү Карин Жан-Пьер алат. Бул жөнүндө маалымат "Азыркы Заман" телеканалынын расмий телеграм каналында берилген.

Америка элчилиги баарын IDAHOLBIT күнү менен куттуктады. Түштүк жана Борбордук Азияда ЛГБТИКИА+ адамдарынын маселелери тууралуу маалымат таратуучуларга арналган публикация чыгарды. Бул Кыргызстандагы АКШ элчилигинин инстаграм баракчасына чыккан. Комментарий жазган адамдар экиге бөлүнүп кетти: ЛГБТ коомчулугун колдогон адамдар менен гомофобиялык сөздөрдү жазган адамдар.

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы делегациясы ЛГБТ активисттер менен ЛГБТ коомчулугунун укуктары жана маселелери боюнча жалпы абалды сүйлөшүү үчүн жолугушуу өткөрдү. Бул күнгө байланыштуу алар баракчасына публикация чыгарышты. Гомофобтор четте калбай, бузулган европалык балуулуктардын пропагандасын токтотууну талап кылып жатышты.

Социалдык тармактар менен ММКларда маймылдардын оспасы тууралуу маалымат тарады. Маймылдардын оспасы гей жана бисексуалдуу эркектерде көп кездешкени тууралуу макала чыккандан кийин, Лайв деген жергиликтүү инстаграм баракча гомофобиялык сторис чыгарды.

Июнь - ЛГБТ коомчулугу үчүн сыймыктануу айы, мындан сырткары жергиликтүү пабликтерде көрүүчүлөрдүн санын жана активдүүлүктү көтөрүү максатында гомофобиянын артуусу.

ЛГБТ коомчулугун колдоону максаттап, АКШ элчилиги өз баракчасында “Лабрис” АКнын директорун чыгарып, ЛГБТ коомчулугун колдогон пост жазган. Бирок көп комментарий жазуучулар бул постту жактырбай, ЛГБТ коомчулугу менен АКШ элчилигин сөгүп башташты. Бул пост АКШ элчилигинин баракчасында бар.

17 майга карата ЕАБ өкүлчүлүгү ЛГБТ активисттер менен Кыргыз Республикасындагы ЛГБТ адамдардын абалы менен жалпы маселелерин талкуулоо максатында жолугушуу өткөрдү. Мындан сырткары, алар ЛГБТ активисттер менен асан-үсөн желегинин фонунда түшкөн сүрөттү жарыялап, ЛГБТ адамдарды IDAHOLBIT күнү менен куттуктаган. Комментарийлерде адамдар эки тарапка бөлүнүп кетти - ЛГБТ адамдарды колдогондор менен аларга каршы чыккан гомофобдор. Пост менен комментарийлерди алардын баракчасында окуу мүмкүн.

Парламенттин отурушунда депутат Шайлообек Атазов 18-20 жаштагы кыздар чет өлкөгө ата-энесинин коштоосу менен же болбосо күйөөгө тийген соң гана чыгышсын деген сушун койду. Парламентарий бул миграция областындагы маселелерге байланыштуу деп түшүндүрдү. "18-20 жаштагы кыздарды чет өлкөгө ата-энесинин коштоосу менен же болбосо күйөөгө тийген соң гана чыгарсак болот", - деди Шайлообек Атазов. ЭЭАнын жетекчиси бул инициативага комментарий берип, кыздар чет өлкөдө секс жумуш менен алек болгондорун айтып, жаш кыздар кантип айфондорго, батирлерге жана унааларга ээ болушат деген суроону койду. Бул жөнүндө макалаларды Кечки Бишкек жана 24kg баракчаларынан окуй аласыздар. Бул инициативаны К-1 боюнча дүйнө чемпиону Дастан Али Шаршиев колдоду, өзүнүн инстаграм баракчасында бул темага байланыштуу видео да жарыялады.

Госдумага ЛГБТ пропагандасы үчүн 10 миллионго жеткен айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоору киргизилди. 08.06.2022 күнү Дүйнөдө, Лента, Саясат бөлүмдөрүндө жарыяланган. Бул документ думанын электрондук базасына шейшемби күнү чыгарылган. Документти коштогон түшүндүрүү катына ылайык, мыйзам долбоору койгон норма адамдардын жеке жашоосуна кийлигишүүнү көздөбөйт. Мындан сырткары, инициативанын авторлору бул мыйзам долбоору расмий түрдө Орусияда салттык эмес сексуалдык практикаларды токтотууну максаттабаганын белгилеп кетишти. Бул тууралуу novosti.kg жазган.

KLOOP.KG негиздөөчүсү Бектур Искендер Бишкекте ЛГБТ парадын уюштурууга үмүттөнгөнүн жазды. Муну журналист Варшавада ушундай парадка катышкан соң өзүнүн соцтармактардагы баракчасында жазган. "Өмүрүмдө биринчи жолу парадка барып келдим! Бир күнү Бишкекте да ушундай парад өткөрөөрүбүзгө ишенем", - деп жазган. Бул макаланы Кечки Бишкек чыгарды.

Түрк полициясы ЛГБТ парадды айдап салды. 26 июнда Стамбулда, жергиликтүү бийликтин тыюусуна карабастан, ЛГБТК-парад өткөрүлгөн. Мындай иш-чаралар жыл сайын июнь айында ЛГБТ адамдарды колдоо максатында дүйнө боюнча өткөрүлөт. Түрк полициясы ондогон адамдарды айдап, камакка алды. Акыркы жылдары бийлик ЛГБТ кыймылына карата өзүнүн позициясын так жана катуу коюуда. А Газиантеп түрк провинциясынын мусулмандары ЛГБТга каршы марш уюштурушту. Бул тууралуу Умма ислам журналы жазды.

Караш жаңылык порталы "ЛГБТИК катары Борбордук Азияда жашоо" деген макаланы чыгарган. Макалада Өзбекстан, Түркмөнстан, Казахстан менен Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө ЛГБТ коомчулугунун абалы жөнүндө жазылган. Маалыматтын баары Эркиндик Радиосунун түз эфиринен алынган. Макалада көп ката бар, толугу менен бул шилтемеден окуй аласыздар.

"Кыз десек, эркек экен". Атайын патруль өзүнүн ютуб каналында репортажына ушундай аталыш берген. 2022 жыл, 23 июнь. Таңкы саат 7ге жакын. 102 кызматына кыздар арасында мушташ тууралуу чакыруу келет. Окуя болгон жерге барган патрулдук кызматынын кызматчылары уруш чет өлкөлүк жарандар менен биздин жарандардын ортосунда болгондугун жана алардын арасында кыздар бар экенин аныкташты. Видеодо бир гана транс кызды тартышкан, видеону бул шилтемеден көрүү мүмкүн.

Чачын боегон баласын ата-энеси “бузулуп кеткен жокпу?” деген суроо берип, гей болуп кеттиби деп шекшиген. Бул Элдик Кабар паблигине жарыяланган. Эстете кетсек, бул инстаграмдагы жаңылык каналы.