1995 - “Оазис” уюму негизделген. “Оазис” 1995 жылы Владимир Тюпин тарабынан ачылган, а бирок гомосексуалдуу байланыш үчүн берене 98-жылы гана жокко чыгарылган. Уюм жаштар жана аярлуу топторго жардам берүү жана коргоо боюнча коомдук фонд катары катталган.
1998 - Кылмыш беренесинин жокко чыгарылуусу. Гомосексуалдуу байланыш үчүн жазалоо беренеси Кыргызстанда Россия (1993) менен Казахстандын (1997) аркасынан жокко чыгарылган.
2004 - “Лабрис” Коомдук Бирикмеси түзүлгөн. Аярлуу топтордогу аялдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча инициативдүү топ катары башталган уюм расмий түрдө катталып, бул жылы 16-жылдыгын белгиледи. “Лабрис” Кыргызстанда расмий түрдө катталган биринчи ЛГБТ уюм болду. Ошол жылы Акипресс өзүнүн макаласында “Лабристи” “лесбиянкалардын биринчи уюму” деп атаган.
2010 - “Кыргыз Индиго” уюмунун ачылышы. “Кыргыз Индиго” коомдук бирикмеси катталган. Бул уюм Кыргызстандагы ЛГБТИКС коомчулугун колдоого багыт алган. Уюмдун иши ЛГБТИКС адамдарынын сак жашоосун түзүүгө, психологиялык ден-соолугун бекемдөөгө, потенциалы менен укук коргоосун өнүктүрүүгө максатталган. Буга чейин бул уюм гей, бисексуал адамдар жана алардын тилектештеринин инициативдүү бирикмеси катары жашап келген.
2012 - Бир Дүйнөдө “Мен геймин жана мусулманмын”. Голландиялык режиссердун даректүү тасмасы “Бир Дүйнө Кыргызстан” укук коргоочу кинофестивалында көрсөтүлмөкчү болгон. Кыргызстандын Муфтиятынын Башчысы Рахматулла ажы Эгембердиев бул тасманы көрсөтүүгө тыюу салууну талап кылып, өкмөткө кайрылган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен бул тасма экстремисттик болуп аныкталган. Ошого байланыштуу, тасманы Кыргызстандын территориясында көрсөтүп, таратууга тыюу салынган. “Хьюман Райтс Вотч” тарабынан тасмага тыюу салуу талкууланган.
2013 - “The Grace” уюмунун ачылышы. ЛГБТ адамдары менен жалпы коомго пайда менен позитивдүү өзгөрүүлөрдү алып келүүнү максаттагана “The Grace” ЛГБТ уюму ачылган.
2014 - Human Rights Watch даярдаган доклад. Докладында Human Rights Watch кыргыз милициясы тарабынан гомо- жана бисексуалдуу адамдарга кол салынып, коркутулуп, мыйзамсыз негизде камалып, сабалып жана сексуалдуу ыдык көрсөтүлүп жатканын айткан. Доклад жарыялангандан соң эртеси күнү муфтий милдетин аткарып жаткан Максат Токтомушев гейлерге тиешелүү төмөнкү сөздөрдү камтыган хадиси бар фетва жазган: «Ошону жасап жаткан менен ошого катышканды өлтүргүлө!»
- Зордук-зомбулукка жана дискриминацияга каршы Бишкек шаарындагы марш. Кыймылдын активисттери БИРГЕ Кыргызстандагы зордук-зомбулук, дискриминация жана ксенофобия маселелерине көңүл бурдуруу үчүн тынчтык маршын өткөрүшкөн. Катышуучулар Жибек Жолунан баштап Эркиндик булварынын кесилишиндеги Парламент имаратына чейин жүрүшкө катышкан. Акцияда ЛГБТ укуктары үчүн лозунгдар менен транспаранттар колдонулган
- “ЛГБТ пропагандасына” каршы мыйзам долбоору. Бул мыйзам долбоору «салттык эмес сексуалдуу мамилелерге позитивдүү мамилени түзүү» үчүн жазалоону сунуштаган. Бул мыйзам Торобай Зулпукаров менен Курманбек Дыйканбаев аттуу парламент депутаттары тарабынан сунушталган. Кийин бул мыйзар долбоору “техникалык себептер боюнча” депутаттар тарабынан кайра алынган.
2015 - “Лабристин” офиси өрттөлгөн. 3 апрелде түнү эки белгисиз адам уюмдун офисинин короосуна өрттөнүүчү зат куюлган шишелерди таштаган. Имарат бүтүн бойдон калып, шишелер жерде жарылган. Тилекке каршы, бул кол салуу Лабрис менен башка уюмдар үчүн биринчи дагы, акыркы дагы болгон эмес.
- 17 май - “Лабристин” иш-чарасына кол салуу. “Кырк Чоро” кыймылынан провокаторлордун тобу Лабрис тарабынан жабык түрдө “Астория Гарден” кафесинде өткөрүлүп жаткан IDAHOLBIT-ти (Эл аралык гомофобия, трансфобия, лесбофобия жана бифобия менен күрөшүү күнү) белгилөө иш-чарасына кол салган. Окуянын болгон жерине келген милиция ЛГБТ активисттерди кол салгандар менен бирге РИИБ-де кеч түнгө чейин кармашкан. Кийин кол салгандарга “ээн баштык” беренеси коюлган.
2016 - ЛГБТ жөнүнтө ток-шоу. КТРК мамлекеттик каналында ЛГБТ укуктарына арналган “Ой-Ордо” программасынын чыгарылышы чыкты. Программанын баш каарманы катары Максим аттуу гей чакырылып, ЛГБТ укуктарын коргогон тарапта Сумсарбек Мамыралиев менен блогер жана эл аралык каражат боюнча адис Данияр Айтман турушту. Бир канча күн соң “Кырк Чоро” тобунун өкүлдөрү программанын алып баруучусун жумуштар алуу талабы менен митингге чыгышкан, ал эми КТРК гендиректору каналдын байкоочу комитетинен эскертүү алган.
2020 - маршка кол салуу. Бул жылы маскачан адамдар жыл сайын өткөрүлгөн 8-март маршына кол салган. Бул марш чынында жашыруун гей-парад болот деген шылтоо менен кол салынган. Бул окуя тууралуу чет өлкөлүк чоң ММКлар жазган, бирок биздин өкмөт тарабынан эч кандай реакция болгон жок. Болгону, зыян көргөн бир нече активист айымдарга сот айып пул төлөөнү койгон.