

Мындан сырткары, адистер трансгендердүү адамдар менен иштөө үчүн кыргыз жана орус тилинде материалдарды алышты. Ал материалдардын тизмесинде:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты Сактоо Министрлигинин тарабынан 2017 жылы кабыл алынган трансгендердүү адамдарга жана гендердик дал келбөө менен жашаган адамдарга медициалык-социалдык жардам көрсөтүү боюнча жолдомо;
- Врач психиатрлар үчүн атайын даярдалган трансгендердүү адамдар менен иштөө боюнча методикалык колдонмолор. Колдонмолордун материалдарында күбөлөндүрүү, терминология, трансгендердүү адамдар менен кылдат байланыш куруу боюнча ыкмалар жана башка ушул сыяктуу темалар көтөрүлгөн.
- Гинеколог жана эндокринологдор үчүн атайын иштелип чыккан колдонмолордо гормонотерапия процесси, адамдын денесинде жана сырткы келбетинде болгон өзгөрүүлөрү толук сүрөттөлгөн.
- Бишкекте 2019 жылы өткөрүлгөн регионалдык Транс*Конференциянын натыйжасында иштелип чыккан колдонмо. Ал конференцияга Транс* өнөктөштөр, трансгендердүү адамдар, активисттер, трансгендердүү адамдар менен узак мөөнөт иштеген ар кандай багыттагы врачтар катышкан.

Өткөрүлгөн мини-сессиялардын натыйжасында Кыргызстандын баардык облустарында медициналык адистердин базасы чоңойду. Тилектеш болгон медициналык жайлар тууралуу маалымат менен багыттандыруу алуу үчүн бизге кайрылсаңыздар болот. Биздин кызматтарыбыз тууралуу тагыраак маалыматты @labrys_kg инстаграм баракчасынын “Актуальное” бөлүмүнөн же @labryskg Телеграм-каналында #услуги хештеги менен таба аласыздар.
Кам көрүү менен, Лабрис командасы.