Жаңылыктар

Менин сексуалдуулугум өзгөрүүгө жатабы?

Көпчүлүк сексуалдуулукту өзүнүн инсандыгынын жана өз аң-сезиминин борбору катары кабыл алат. Бирок биздин сексуалдуулугубуз убакыттын өтүшү менен өзгөрүүсү мумкун. Бул көбүнчө иденттүлүктүн, тажрыйба жана мамилелердин өзгөрүшүнө алып келет. Көпчүлүк адамдар "сексуалдуулук" же "сексуалдык ориентация" деген терминди өздөрү кызыккан жынысты/гендерди көрсөтүү үчүн колдонушат. Бирок, бул ар кандай адамдар үчүн ар кандай нерселерди билдире алат. Мисалы, баары эле жыныстык каалоону сезе бербейт. Кээ бирөөлөр аны белгилүү бир шарттарда же жакын мамиледе болгон адамдар менен гана сезишет. 

Эмне себептен биз өзгөрөбүз?
Сексуалдуулук өмүр өткөн сайын өзгөрүүсү мүмкүн. Көптөгөн себептердин арасынан төмөнкүлөрдү белгилесек болот:
  • Социалдык нормалардан көз карандысыздык. Кээ бир адамдар үй-бүлөдө катуу кармалып өсөт же өздөрүн каалабаган же каалабай калган никеге камалгандай сезишет. Бул чектөөлөр жок болгондо, өз жыныстыкты изилдөөгө мүмкүнчүлүк пайда болот.  Ал каалоолордун өзгөрүшүнө жана түзүлүшүнө алып келиши мүмкүн. 
  • Аң-сезимдеги саясий жана идеологиялык өзгөрүүлөр. Кээде адамдар саясий себептерден өз иденттүүлүгүн өзгөртүшөт. Мисалы, лесбияндык сепаратизми бар. Бул аялдардын гетеросексуалдык мамиле куруудан аң-сезимдүү баш тартуусу. Кээ бирлери лесбияндык сепаратизмди өздөрүнүн феминизминин практикасы катары тандашат.
  • Көзгө илингис себептер. Кээде биздин сезимдерибиздин өзгөрүүсу менен бирге, биз да өзгөрөбүз. 

Сексуалдык флюиддүүлүк
Флюиддүүлүк - сексуалдык ориентациянын же гендердик иденттүүлүктүн убакыттын өтүшү менен өзгөрүүгө болгон жөндөмдүүлүгү. Кээ бир адамдар өзгөрүүлөрдү жеңил кабыл алса, кээ бирлери таң калат жана коркунуч сезимине кабыл болушат. Бул термин, адамдын сексуалдуулугун упайлар жана шкалалардын жардамы менен түшүнүүгө жана өлчөөгө аракет кылган, сексология илиминен келип чыккан. Мисалы, Кинси шкаласында 0-6га чейинки өлчөм бар. Ал өзүнө толугу менен гетеросексуалдык иденттүүлүктөн толугу менен гомосексуалдык иденттүүлүккө чейин камтыйт. Адамдардын көбү бул эки көрсөткүчтүн ортосунда жайгашат. Бул флюиддүүлүктү түшүндүрүү жана сүрөттөө жолдорунун бири.

Гендер жана сексуалдуулук.

Гендер жана сексуалдуулук тыгыз байланышта болгондугуна карабастан, бири-бирине тике көз карандуу эмес. Жыныстык иденттүүлүк да убакыттын өтүшү менен өзгөрүүсү мүмкүн, бирок биринин өзгөрүүсү экинчисинин өзгөрүүсүн талап кылбайт. Адамдын гендердик иденттүүлүгү өзгөргөнү менен, ал мурунку эле адамдардын тобуна тартылышы мүмкүн. Мисалы, өткөөл мезгилге чейин аялдарды жактырган транс* аял, аларга тартылып, өткөндөн кийин да лесбиянка катары таанылышы мүмкүн.


Конверсия терапиясы

Сексуалдыкты каалагандай өзгөртүүгө болот деген түшүнүк ЛГБТ адамдардын куугунтукталуусун көптөн бери күчөтүп келет. Конверсия терапиясы гейлерди, лесбиянкаларды, бисексуалдарды жана транс* адамдарды патриархалдык стандарттарга туура келтирүү максатында "оңдоо" үчүн физикалык жана эмоционалдык зомбулукту колдонот. Дискриминациянын мындай экстремалдык формасына көптөгөн өлкөлөрдө мыйзам тарабынан тыюу салынган. Кошмо Штаттарда жана Европада мындай терапияны колдонгон дарыгерлер, көп учурларда, бейтаптарды кордогону үчүн соттун өкүмүн алышат. Сексуалдык ориентацияны тандап, аны аң-сезимдүү түрдө өзгөртүү мүмкүн эмес. Адамдын сексуалдыгын өзгөртүүдөгү зордук-зомбулук аракеттери оң натыйжа бербейт, оор психологиялык травмаларга алып келет.

Иденттүүлүк жана практика

Биз иденттүүлүгүбүздү ар кандай факторлордун негизинде түзөбүз. Кээде адамдын жыныстык мамилеси анын иденттүүлүгүнө кирбейт. Кээ бир учурларда, бир жыныстагы адамдар менен мамиледе болгондугуна карабастан, кээ бир адамдар өздөрүн гетеросексуал деп эсептеши мүмкүн. Бул стигма, дискриминация жана гомосексуалдуулукка карата терс мамиленин натыйжасында келип чыккан тандоо болушу мүмкүн.

Дин, маданият, саясий кырдаал факторлору адамды өзүнүн чыныгы сексуалдык жана гендердик өзгөчөлүгүн жашырууга мажбурлайт.  Көптөр өздөрүнүн коопсуздугу үчүн, коом тарабынан бекитилген жүрүм-турумду гана карманууга аргасыз болушат. Адамдын иденттүүлүгүн, сексуалдуулугун, өзүн-өзү көрсөтүүсүн жана алардын өзгөрүшүн эң толук ачуу жана изилдөө адам укуктарын урматтаган коопсуз коомдо гана мүмкүн.