“Зордуктоо” деген сөздү укканда, оюбузда караңгы көчөдөгү бейтааныш адамдын коркунучтуу элеси пайда болот, бирок чындыгында бул мындай мисалдар менен гана чектелбейт.
Бул текст актуалдуу жана тилекке каршы, мамлекетте гана эмес, ЛГБТ+ коомчулугунун өзүндө да “түзөтүүчү зордуктоо” көйгөйү жашырылып калынуусу жөнүндө.
“Түзөтүүчү зордуктоо” (англ. corrective rape), же гомофобиянын/бифобиянын/трансфобиянын негизиндеги зордуктоо – адамдын сексуалдык ориентациясына жана гендердик иденттүүлүгүнө байланыштуу жек көрүү кылмышы.
Кылмышкер, жабырлануучунун ориентациясын же гендердик иденттүүлүгүн "түзөтүү" менен, аны гетеросексуалдык кылууга же гендердик стереотиптерге жараша өзүн алып жүрүүгө мажбурлоого ниеттенет. Кол салуулардын бул түрлөрү көбүнчө мизогиния жана терең гомофобия, бифобия же трансфобия менен чектешип, аялдарга жана транс адамдарга болгон терс мамилени айкалыштырат.
"Түзөтүүчү зордуктоо" деген терминдин өзү Түштүк Африкада жаралган. 1977-жылы 11-мартта Йоханнесбургдун чет жакаларында, түштүк африкалык футболчусу, улуттук курама командасынын мүчөсү жана ЛГБТ укуктарын коргоочу Эуди Симелане кылмышкерлердин тобу тарабынан зордукталып өлтүрүлгөн. Ал Африка континентинде өзүнүн сексуалдык каалоолору жөнүндө ачык айткан алгачкы лесбиянкалардын бири болгон. Аны зордуктоо жана өлтүрүү гомосексуалдык ориентациядагы адамдарды жек көрүүнүн негизинде жасалган биринчи резонанстуу кылмыш болгон.
Өлкөнүн мыйзамдары ЛГБТ+ коомчулугуна лоялдуу жана алардын укуктарын колдогон өлкөлөрдө да лесбиянкаларга, бисексуалдарга жана транс адамдарга карата зордук-зомбулук артык эмес экенин эске алуу керек. Түзөтүүчү зордуктоо Түштүк африкалык лесбиянкалардын гана тажрыйбасы эмес. Бул эркектик, күч жана бийлик түшүнүктөрүнө шек келтирүүчү баардык контекстте зордуктоого уруксат берүү.
Кыргызстанда түзөтүүчү зордуктоо фактылары жөнүндө биринчи жолу 2012-жылдын 7-мартында, Наванетхем Пиллэй аттуу Жогорку комиссар айымынын «Жыныстык ориентацияга жана гендердик иденттүүлүккө байланыштуу зомбулук актылар, басмырлоочу мыйзамдар жана практикалар» аттуу докладында, лесбиянка, бисексуал жана транссексуал эркектерге карата зомбулукка жана анын көбү үй-бүлөлүк мүнөзүнө байланыштуу, Кыргызстан төрт жолу аталган. Лесбиянкаларга, бисексуал аялдарга жана транс эркектерге карата «түзөөтүүчү зордуктоо» негизинен алардын үй-бүлө мүчөлөрү, эркек туугандары же алардын тааныштары тарабынан табылып жасалган мындай ырайымсыз кылмыштар жазасыз калууда.
“Түзөтүүчү” зордуктоого баардык сексуалдык ориентациялардын жана гендердик иденттүүлүктөрдүн өкүлдөрү кабыл болушат, бирок, адатта, көпчүлүк учурда мындай кылмыштардан лесбиянкалар, бисексуалкалар жана трансгендердүү эркектер запкы тартышат. Ал эми гомосексуалдуу балдар зордуктоого жазалоо максатында “силер мындай болуунун жаман экенин түшүнгүлө, башкалары да корксун” деген ой менен кабыл болушса, гомосексуалдуу/бисексуалдуу ориентациялуу аялдар жана транс-эркектер оңолуу максатынын негизинде зордукталышат.
Бул идея гомосексуалдуу жана бисексуалдуу аялдардын тажрыйбасын жокко чыгарган жана кеңири тараган “Аларда жакшы эркек болгон эмес” деген стереотипке негизделген, ага кошумча гетеросексизмдин натыйжасы болуп келет - бул гетеросексуалдуу жана гетеронормативдүү баалуулуктардын, көз-караштардын жана ишеничтердин системасы адамдын жашоосундагы жалгыз табигый жана кабыл алына турган нерсе болуусуна ишенүү.
Бул дүйнөгө цисгендердүүлүктүн, гетеронормативдүүлүктүн жана гетеросексуалдуулуктун призмасын алып көз ирмей албаган адамдар үчүн “нормалык сексуалдуулуктун” критерийлерине туура келбеген нерсенин баары, гомосексуалдуу жана башка ориентациялар менен иденттүлүктөр автоматтуу түрдө «туура эмес» жана «ыймансыз» болуп саналат. Эгер сиз аялдар кандай болуусу керек жана кимди сүйүүсү керек деген түшүнүктөрдү ачык түрдө кабыл албаган аял болсоңуз, сиз “туура эмес”, “ыймансыз” саналуу менен бирге зордукка жана дискриминацияга кабылууңуздун мүмкүнчүлүгү көбөйөт.
«Түзөтүүчү» зордуктоолор тууралуу так статистикалык маалыматты алуу абдан кыйын. Жалпысынан зордуктоолордун категориясын изилдөө, каттоо жана иликтөөдө системалык ыкма жок болгондуктан, мындай кылмыштардын маселесинин масштабын түшүнүү дагы, кылмышкерлерди жазага тартуу дагы мүмкүн эмес. Көпчүлүк учурлар билинбей да калат, ал эми мындай кабарлар келсе дагы, гомо/би/трансфобиянын негизинде аткарылган кылмыш катары аларды аныктоо кыйын. “Түзөтүүчү” зордуктоо гендердик иденттүлүк жана сексуалдык ориентация боюнча дискриминациянын кошулган түрү, мисалы, жаба тарткан адам аял жана лесбиянка болгон учурлар. Зордуктоочу жапа чеккен адамдын сексуалдык ориентациясын жана гендердик иденттүлүгүн колдонуп, өз кылмышын актаган учурлар да көп кездешет.
Ал жапа чеккен аял көптөгөн башка аялдар менен кошулуп туруп, анын эркектигине, патриархалдык статусуна жана бийлигине шек келтиргени үчүн зордуктаганын айтпайт; ал лесбиянка же бисексуалка, “оңдоону талап кылган” аял болгондуктан зордуктадым деп айтат. Кызыгы, коом мындай “оңдоо” мүмкүн эмес болгондугу тууралуу ойлонуп да койбойт.
Сексуалдык ориентация жана гендердик өз таанытуу адамдарда “туура эмес” болгон нерселер эмес. Лесбиянка болуу (ошондой эле башка сексуалдык ориентация же гендердик иденттүүлүк менен жашоо) толугу менен нормалдуу көрүнүш жана эч кандай бинардуу менен гетеронормативдүү эрежелер аялдарга башка аялдарды сүйүүгө тоскоол болбошу керек.
Биз эң маанилүүнү белгилейбиз: гомосексуалдуу, бисексуалдуу аялдар жана транс адамдар “оорулуу”, “туура эмес”, “даарылоого муктаж” эместигин түшүнүү бул адамдарды жана алардын кимди сүйүүгө, кандай болууга, өзүн кантип идентификациялоого болгон тандоосун сыйлоого биринчи кадам.