Жаңылыктар

Зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн транс адамдарды эскерүү күнү: ММКларда жана соцтармактарда жек көрүү тили

20 ноябрда дүйнө Эл аралык Зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн транс адамдарды эскерүү күнүн белгилейт. Бул күндө биз өздөрүнүн жеке мүнөзү үчүн куугунтукталып, каза тапкан адамдарды эскеребиз. Транс* жана гендердик-бинардуу эмес адамдарды көптөгөн терс пикирлер курчап турат, алардын арасында мизогиния, циснормативдүүлүк жана башкалар. Булардын баары агрессияга алып келет. 
Бул күн транс адамдар толук кандуу жашоого, ден-соолукка, эмгекке болгон укуктарга жетүүсүнө, адамдын эркиндиктерине ээ болуусуна тоскоол болгон укуктук жана социалдык маселелер тууралуу ойлонуубузга түрткү берет.

Сексуалдык ориентация жана гендердик ар түрдүүлүк менен өзүн таанытуу суроолору боюнча билимдин жетишсиздиги кеңири тараган. Ал адистер арасында да тараган: врачтар, психологдор, мугалимдер. Билимдин жетишсиздиги транс* жана гендердик-бинардуу эмес адамдардын жакындарынын, кесиптештеринин, тааныштарынын тарабынан куугунтукталуусуна алып келет.

Көп учурда транс* жана гендердик-бинардуу эмес адамдарга карата кылмыштар жек көрүү жана трансфобиянын негизинде аткарылганын да эсибизде тутушубуз керек.  Адамдар жек көрүү тилинен да запкы тартат, өзгөчө онлайн түрдө. Ал эми хейтспич (жек көрүү сөздөрү) жек көрүүгө негизделген конкреттүү кылмыштарды козгоп же ошондой кылмыштарга салым кошуусу мүмкүн.

Биз ММКларды, блогерлерди жана социалдык тармактардагы бөлөк каналдарды материал чыгарууда зордук-зомбулукка үгүттөп, жек көрүү тилин колдонбоону суранабыз. 
Ошол менен бирге, ар бирибиз жек көрүү тили менен күрөшө алабыз, эң кичинекей нерседен баштасак болот: трансфобиялык тамашалар менен жек көрүү тилин онлайн жана күнүмдүк жашообузда колдобостон, токтотушубуз керек