Бул адамдын үй-бүлөсүнүн, досторунун жана коомдун алдында өзүнүн ориентациясы менен гендердик иденттүүлүгүн (өз таанымын) ачык кабыл алуусу боюнча процесс.
Бул күн адам үчүн да, анын үй-бүлөсү, достору жана жакындары үчүн да каминг-ауттан кийин ортого келип чыгуусу мүмкүн болгон терс кесепеттерди азайтуу максатында белгиленет. Сексуалдык ориентациялар менен гендердик иденттүүлүктөрдүн көптүгү тууралуу, кабыл алуу процесси тууралуу көбүрөөк маалымат таратуу дагы буга өз салымын кошот.
Каминг-аут жасоо тууралуу чечимге келүү оор болот. Ошондуктан, биздин ыктыярчыларыбыз командасы каминг-аутту башка тараптан көрсөтүүчү тамаша видео тартууну чечти. Видеодо алар ата-энеге каминг-аут жасоонун ар кандай варианттарын көрсөтүшөт. Видео комедия форматында гана жаралган, себеби, ар бир адам уникалдуу тажрыйбага ээ болот.
Видео сиздерге кызыктуу болуусун каалайбыз!