Көпчүлүгүбүз эстегендей мектеп кезде анкеталар абдан кеңири тарап, популярдуу болгон: кадимкидей калың дептерлер классташтардын колунан колуна өткөн. Алардын ичинде жеке, сырдуу, жан дүйнөнү козгогон суроолор бар эле. Досторуңдун анкеталарын сүрөт менен наклейкаларга толтуруу адат болгон. Бул дептерлер көп адам үчүн классташтарын таанып, баракчаларында өз сырларын жазууга мүмкүнчүлүк болгон.
Биз дагы дептер алып, өзүбүз ЛГБТ адамдар үчүн анкета жасап, аны каалаган адамдарга толтурттук. Анын ичиндеги суроолор Кыргызстандагы ар кандай ЛГБТ адамдардын жашоосу менен тажрыйбаларын чагылдырат. “Толтурулбаган анкетаны” толтуруу бул ЛГБТ адамдар үчүн ошол мектеп дептерлерине жазылбаган, жек көрүнүү сезиминен коркуп, айтылбаган сырларын бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк болуп берет.
Биздин коомдо көпчүлүк учурда цис жана гетеросексуалдуу чектен ашкан өз тажрыйбаң тууралуу айтууга тыюу салынат. Дептердин барагына жазып коюу оңой, аны жаап, башка адамга берип коесуң. Бул аркылуу арт-долбоор бизге айтылбаган жана жазылбаган нерселерди кайтарып берет, себеби, ал анкетаны өзүбүздөн башка эч ким толтура албайт. Анкета толтурулуп бүткүчө бизде көрүнүү мүмкүнчүлүгүбүз жана муктаждыгыбыз бар.
Анкетаны толук түрдө бул жактан же биздин сайтыбыздын китепканасынан көрүү мүмкүн