Жаңылыктар

8/365 кыймылынын Кыргызстандагы учурдагы саясий кырдаал боюнча билдирүүсү

Саясат
8/365 кыймылы акыркы учурда Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен көз салып турат. Жогорку Кеңеш бөлүнүп, өкмот алсыз болуп, милиция болсо түздөн-түз өз милдеттерин аткара албаган учурда, мурунку коррупциялашкан режимдер жана кылмыштуу топ менен байланышы бар айрым күчтөр бийликти узурпациялап, элдин байлыгын жеке кызыкчылыктары үчүн бөлүштүрүүнү көздөп жатышат. Ушундай көйгөйлөрдун фонунда адамдар тарабынан кастыкка чакырган сөздөрдун айтылуусу жана жалпы коом “өздүк” жана “чоочун” тарапка бөлунүүсү, албетте өлкөдөгү жалпы туруксуздукту күчөтөт. Ошол эле учурда, "эски гвардия" менен жаш "реформаторлордун" саясий программаларында олуттуу айырмачылык жок. Алардын сунушталган саясаты мамлекеттик ишканаларды, саламаттыкты сактоону жана билим берүүнү менчиктештирүүгө багытталган саясат. Бул жагдай, албетте, коомго каршы, аялзатына каршы жана адамзатына каршы чыккан мүнөз болуп эсептелинет. Мамлекеттик мекемелер, ишканалар жана объекттер талап-тонолуп, республиканын коомдук мурасы, ошондой эле, тез жардам унаалары, ММК фонду жана башка инфраструктуралык объектилер талкаланып жаткан учурда банкирлер жана жеке ишкерлер премьер-министрдин кызмат ордуна жана башка бийлик кызматтарына талапкерлигин сунуштап жатышат. Бийлик талашкандардын бардыгы жеке бизнес кызыкчылыктарын ойлоп, өз ишмердүүлүгүн сактап калуу учун болгон куч аракеттерин жумшап жатканы, эч кимди деле тан калтырбас. Ал тургай, өзү менен өзү уюшулган "кошуунчулар" биринчи кезекте соода борборлорун жана жеке менчикти коргоодо. 

8/365 аялдардын укугун коргоо кыймылы катары, чечим кабыл алуу процесстерине жана кризистен кийинки бийлик структураларында аялдардын катышуусуна кызыктарбыз. 
Биз мамлекеттик структуралардагы аялдардын өкүлдөрү эмне учун керектигин унутпашыбыз керек. Биз охлократиялык жарым кылмыштуу структуралардагы 50% өкүлчүлүк үчүн күрөшпөйбүз. Биздин максат бийликти жырткычтык жол менен басып алган бизнес элитанын тар чөйрөсү менен суйлошүү столунда орун талашуу эмес. Биз учун абдан маанилүү нерсе - болгон төңкөрүш мурдагы жылдардагыдай олигархтардын жана кылмышкерлердин пайдасына элди ого бетер тоноп кетүү менен аяктабашы. Бардык жарандардын кызыкчылыгына ылайык өлкөнүн онүгүсүүно альтернативдүү көз карашты түптөө - бүгүнкү күндө прогрессивдүү жарандык коомдун негизги милдети. Бардык тараптардын бирдей катышуусу менен ачык коомдук талкуунун шартын жараткан учурда гана бул милдетти жүзөгө ашыруу мүмкүн болот. 

Бирок, 8-октябрда жарандык коом форумунун үзгүлтүккө учурашы жана анын катышуучуларына болгон коркутуулар тынчтык чогулуштарынын эркиндиги жана жарандык сектордун бар болушу коркунучта экендигин дагы бир жолу далилдеди. Ошол эле учурда, ыктыярчыларды мобилизациялоо, психологиялык травма менен иштөө жана талап-тоноодон кийин таштандыларды тазалоо зарылдыгы келип чыкканда гана, жарандык коомго тейлөө персоналынын ролу жүктөлуудө. Биздин кыймыл уюмдардын жана жарандык активисттердин кылган иши, эксперттик тажрыйбасы биздин катышуусуз кабыл алынган чечимдерди мыйзамдаштыруу үчүн колдонулбасын жактайбыз.  

Баардыгы үчүн татыктуу жашоого шарт тузүү, социалдык адилеттүүлүк жана теңдик үчүн күрөшүү - бул мыйзамдуулук жана кесипкөйлүк гана эмес, бул саясий сезимталдыктын жана жоопкерчиликтин маселеси.