Чогулушуу орду жана убакыты: Кинотеатр “Россия”, 13.00
Маршрут: Кинотеатр “Россия” - Революция каармандарынын эстелиги
Байланыш баракчалары: Facebook/Instagram @8.365.kg
8/365 Кыймылынын кайрылуусу
Кыргызстандын аялзаты, баардык тармактын эмгекчи аялдары жана үй кожойкелери!
Биз бул жылы маршыбыздын темасы катары бүткүл дүйнө аялдарынын согушка каршы тилектештигин тандадык жана баардык согушка каршы күчтөрдү, тынчтык нааразычылык акциясына, биз менен чыгууга чакырабыз. Украинадагы согуш баарыбызга тиешелүү!
Украинадагы согушту улантууга арналган жүйөлөрдү, биз чечкиндүү түрдө айыптайбыз жана карапайым адамдардын кызыкчылыгын коргогон, адилет тынчтыкты орнотууну талап кылабыз.
Азыркы согуш,куралданууну күчөтүү жана жаңы империалисттик согушка даярдануу үчүн жүргүзгөн реакциялык агрессивдик саясаттын жана саясий артыкчылыктын кесепети ондогон жылдар бою, дүйнөлүк саясатта үстөмдүк кылат. Жакынкы жылдарда Югославия, Ирак, Йемен, Ливия, Сирия, Афганистан, Украинда болгон кандуу кагылышуулар, алардын элин чоң кайгыга алып келишти жана дүйнөнү империалисттик жиликтөөдө эч кандай прогрессивдүү тараптар жок экенине далил болушту. “Аялдарды бошотуу жана коргоо” деген кооз сөздөр менен жамынып, согуштар башталып, аялдар жана балдар курман болушуп, ачкачылыкка учурашып, үйлөрүнөн куулуп жатканына күбө болуп турабыз.
Так ошон үчүн, биз 1917-жылы 8-мартта, жумушчу-аялдардын, империалисттик күчтөрдүн айынан, Европанын чок ортосунда башталган, Биринчи дүйнөлүк согушка каршы “Тынчтык жана Нан” аттуу ураан менен өткөн көчө жүрүмүн эске салышыбыз керек. Ошол убакта, аялдардын тилектештик күчү көчөгө 100 миң адамды алып чыгып, падышанын бийлигин талкалашкан. Бул жамааттык кыймылдын мисалы, бүгүн бизге күч жана кудурет берет.
Ушул күнү биз, жынысына жана гендерине карабай - эзүүсүз, басмырлоосуз, зомбулуксуз, согушсуз жашоону көздөгөн жана адам укуктарын тааныган, сыйлаган интернационалдык, интерсекционалдык, таптык, диндер аралык тилектештикти билдирүүгө чогулуп жатабыз.
Эмгекчи аялардын согуш баштоого жана милитаризме каршылыгы жана тилектештиги үчүн!
Расасына, улутуна жана жарандыгына карабастан, жаңжалда жабыр тарткандардын бардыгын гуманитардык жактан колдоо үчүн!
Согуш өлтүрүүчү машинаны каржылоодон баш тартыш үчүн!
Социалдык муктаждыктарга дүйнөнүн байлыгы!
Тең укуктуулук үчүн күрөштөгү тилектештик үчүн!
Кыргызстандын жана бардык өлкөлөрдүн аялдары, согушка каршы күрөшкө бириккиле!
______________________
Иллюстрация:
@prostobenn
@arseneva.diana